Зеленский Путин согушту аяктоо эмес, улантуу аракетин көрүп жатканын айтты

Владимир Зеленский.

Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын баскынчылык согушуна каршы күрөштө жеңип чыгуу үчүн өнөктөштөрдүн жардамы керек болуп жатканын айтты.

Бүгүн 17-октябрда Брюсселде Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө ал Украинанын «жеңиш планы» азыркы күн үчүн түзүлгөнүн, аны азыр ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи:

“Путин (Орусия президенти Владимир Путин) кошумча күчтөрүн даярдап, согушту аяктоо эмес, улантуу аракетин көрүүдө. Путин келерки жылга чейин ок-дары өндүрүү көлөмүн силердин өлкөлөрдөгүдөй деңгээлге чыгарууну көздөп, ошол эле учурда Түндүк Кореядан жана Ирандан снаряд, жабдык жана башка жардам алууда. Тилекке каршы, Кытай Орусияга бул согушту уланта берүүгө дагы эле активдүү жардам көрсөтүп жатканы жөнүндө маалыматыбыз бар. Биз азыр күчтөнүшүбүз керек. “Жеңиш планы” азыркы үчүн түзүлдү. Баарыңарды аны ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакырам. Азыр баштасак жана ошол планга ылайык кетсек биз бул согушту кийинки жылдан ашырбай токтото алат элек”.

Украин президенти Владимир Зеленский Брюсселде Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине, коргоо министрлерине Орусияга каршы согуштагы «жеңиш планын» көрсөтүп, айтып берүү үчүн барды.

Батыштагы союздаштарды Украинаны НАТОго кабыл алууга ынандыруу, алдыдагы кыш мезгилинде согуш талаасындагыларга жана талкаланып келаткан шаар-кыштактагыларга аскердик жардамды күчөтүү аракетин көрүп жаткан Зеленскийдин айтымында, бул план согуштун жүрүшүн украин тараптын пайдасына бурат.

Зеленский беш пункттан турган «жеңиш планын» өлкө парламенти Жогорку Радага 16-октябрда айтып берген. Ал өнөктөштөрдү “алыска атуучу куралды Украинанын Орусия басып алган бардык аймактарында жана Орусиянын өзүндө, анын аскердик инфраструктурасында колдонууга каршы чектөөнү алып салууга” жана “запастагы бригадаларды жабдууга жардам берүүгө” чакырган.

Орусия Украинага кол салбаганын, атайын аскердик операция гана жүргүзүп жатканын айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Орусиялык машыктыруучу казакча суроого какшык жообу үчүн айыпка жыгылды Темирлан Султанов оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды "Алдыда акыйкаттын соту бар". Аскат Жетигенге чыккан өкүм өзгөртүүсүз калдыАжиевдин апасы “Ынтымак Ордонун” дарбазасын машине менен сүзгөнү кабарланды