Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

"Алдыда акыйкаттын соту бар". Аскат Жетигенге чыккан өкүм өзгөртүүсүз калды


Аскат Жетиген Бишкек шаардык сотунда. 17-октябрь, 2024-жыл. Askat Jetigen
Аскат Жетиген Бишкек шаардык сотунда. 17-октябрь, 2024-жыл. Askat Jetigen

Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди үч жылга абакка кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык сотунда акын жана активист Аскат Жетигендин кассациялык арызы 17-октябрда каралды.

Аскат Жетиген сотто сүйлөп, “элди массалык башаламандыкка чакырбаганын” айтып, өзүн актоону өтүндү.

Бирок ага карабай акынды үч жылга абакка кескен Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмү күчүндө калды.

Аскат Жетиген өкүм угузулгандан кийин журналисттерге мындай комментарий берди:

Аскат Жетиген сотто. Бишкек шаар соту. 19-сентябрь, 2024-жыл.
Аскат Жетиген сотто. Бишкек шаар соту. 19-сентябрь, 2024-жыл.

"Сот азыркы бийликтин азыркы бийликтин буйругун аткарып, ошолордун камчысын чапкан сот. Бирок бул акыркы сот эмес. Чыныгы сот акыреттик сот, ошол жерден көрүшөбүз", - деди Аскат Жетиген.

Эске сала кетсек, Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен “күнөөлүү” деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.

Шаардык сотто өткөн бүгүнкү жараянда мамлекеттик айыптоочу Аскат Жетигенге чыккан мурдагы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырууну өтүндү.

"Соттук-медициналык лингвистикалык экспертизанын жана экспертизанын жыйынтыгы бийликти күч менен басып алууга чакырык болгонун көрсөтүп жатат. Видеодо Кыргыз Республикасынын президенти жана УКМК башчысынын дарегине видео аркылуу коркутуу, зомбулук айтылган. Мындан тышкары айыпталуучунун күнөөсү эксперттер тарабынан далилдеген. Мындан улам Свердлов райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранам", - деди прокурор.

Адвокат Нурбек Токтакунов мамлекеттик айыптоочунун бул өтүнүчүн сынга алды.

Адвокаттар Нурбек Токтакунов (солдо) жана Самат Матцаков
Адвокаттар Нурбек Токтакунов (солдо) жана Самат Матцаков

"Мамлекеттик айыптоо жактоочу тараптын аргументтерин укпай, логикалык полемикага түшпөй эле жалпы сөздөрдү айтып жатат. Сот айыптоочу тарап өз позициясын коргобогонун эске алып, жактоочу тараптын жүйөлөрүн таанышы керек. Аскат Жетиген артынан жүздөгөн, миңдеген адамдар ээрчиген саясатчы эмес. Ал жөнөкөй эле акын. Анын угуучулары аянтка келбейт. Демек ал башынан эле бийликти басып алууга аракет кылган эмес. Сот реалдуулукту эске алууга тийиш".

Мамлекеттик айыптоочу жүйө келтирген Улуттук илимдер академиясынын лингвист-эксперти Нурлан Сакбаев 19-сентябрда өткөн сотто Аскат Жетигендин видеосунда бийликти, бийлик ээлерин ачык шылдыңдоо, мазактоо бар экенин белгилеп, видеонун автору массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырганын айткан.

Эксперт корутундусун окуп жатып, Аскат Жетигенге соттук медициналык-психиатриялык экспертиза жүргүзүү зарылдыгын белгилеген. Сотко катышкан жарандык активисттер лингвист-эксперттин бул сунушун сынга алышкан.

Ал эми Юстиция министрлигинин алдындагы соттук экспертиза борборунун адиси Гуля Мураталиева Аскат Жетигендин видеодогу сөздөрүндө "массалык башаламандыкка, бийликти күчтөп басып алууга чакырыктар жок" деп билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан. Башкы прокуратура акындын кыйноо тууралуу арызын Аскердик прокуратура териштирип жатканын, анын негизинде дайындалган тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыга элек, качан даяр болору азырынча белгисиз экенин майдын этегинде билдирген. Жаза аткаруу кызматы кыйноо тууралуу акындын айтканын четке какса, УКМК комментарий берген эмес.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG