Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Темирлан Султанов оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды


Моксва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев жана Темирлан Султанов.
Моксва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев жана Темирлан Султанов.

"Аванград Стил" курулуш компаниясынын директору Темирлан Султанов Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган федерация билдирди.

Маалыматка караганда, 15-октябрда Оор атлетика федерациясынын кезексиз жыйыны өтүп, уюмдун жетекчилигине көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Темирлан Султанов президенттике шайланган. Андан сырткары Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев федерациянын ардактуу президенти, Бакытбек Ахметов улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп шайланган.

Оор атлетика федерациясынын жыйыны. 16-октябрь, 2024-жыл.
Оор атлетика федерациясынын жыйыны. 16-октябрь, 2024-жыл.

39 жаштагы Темирлан Султанов "Аванград Стил" курулуш компаниясынын директору жана ал мурдагы транспорт министри Калыкбек Султановдун баласы.

Оор атлетика федерациясынын буга чейинки президенти, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков уюмду дээрлик 15 жылга жакын башкаргандан кийин 18-сентябрда кызматтан кеткен.

Оор атлетика өлкөдөгү приоритет деп саналган алты спорттун бири. Кыргызстандык оор атлетчилер быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо ута алышкан жок. (GT)

XS
SM
MD
LG