Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Орусиялык машыктыруучу казакча суроого какшык жообу үчүн айыпка жыгылды


Станислав Черчесов.
Станислав Черчесов.

Казакстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусуна казакча суроого кайтарган жообу үчүн чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн 17-октябрда Казакстандын футбол федерациясынын президенти Адлет Барменкуловдун маалыматына таянып "Азаттыктын" казак кызматы билдирди.

Башкы машыктыруучу, орусиялык жаран Станислав Черчесов казак тилинде суроо узаткан журналистке мамилеси үчүн айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

BaigeNews.kz басылмасы жазгандай, Барменкулов Черчесовго мамлекеттик тилге сый-урмат мамиле жасоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүгөнүн, машыктыруучуга айыппул салынганын айтып берди.

"Катачылык кетти, бул тууралуу кечээ журналисттер менен да сүйлөштүк. Черчесовдун тамашасы, албетте, чектен чыгып кеткен. Мен аны менен жеке өзүм сүйлөшүп, мамлекеттик тилдин актуалдуулугун жана артыкчылыгын түшүндүрдүм. Ага айып пул салынды", – деди Барменкулов.

Станислав Черчесов Казакстан-Словения матчынан кийинки пресс-конференцияда суроосун казакча берип жаткан журналисттин сөзүн бөлүп, "Сен азыр французча сүйлөп жатасыңбы? Paris, se va bien ("Париж, баары жакшы")" деп айтып жаткан видеосу социалдык түйүндөргө тарап, кызуу талкуу жаратууда.

Орусиялык адистин мындай жоругуна ачууланган казакстандыктар арасында аны кызматтан кетирүүнү талап кылгандар да бар.

Пресс-конференция Казакстан менен Словениянын курама командаларынын Улуттар Лигасындагы матчынан кийин уюштурулган, бул таймаш словениялыктардын жеңиши менен 0:1 эсебинде жыйынтыкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG