Ажиевдин апасы “Ынтымак Ордонун” дарбазасын машине менен сүзгөнү кабарланды

“Ынтымак Ордонун” дарбазасы. Сүрөт социалдык тармактардан алынды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 17-октябрда президенттин администрациясынын жаңы имараты “Ынтымак Ордонун” дарбазасын сүзгөн автоунаа боюнча комментарий берди.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, Lexus үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу дарбазаны атайын сүзгөнү тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына катталып, териштирүү иштери башталды.

Окуя болгон жерден 65 жаштагы А.С. аттуу адам аныкталып, ал милициянын райондук бөлүмүнө жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары “Ынтымак Ордонун” дарбазасын сүзгөн адам вебкам студияларды иштетүүгө айыпталып сот жообуна тартылган Даниел Ажиевдин апасы Сайкал Ажиева экенин жазышууда. Милиция тараткан инициалдар анын аты-жөнүнө туура келет. Азырынча бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 31-июлда Даниел Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 9-октябрда өкүмдү күчүндө калтырган.

Анын апасы Сайкал Ажиева социалдык тармактардагы баракчаларынан бийликке кайрылып, уулу негизсиз сот жообуна тартылганын жана бардык мүлкү мамлекетке алынганын айтып арызданган. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский Украинанын "жеңиш планын" ЕБ жана НАТО лидерлерине сунуштайтӨкмөт Чүйгө 4,2 млрд долларга “Манас” соода-логистикалык шаары куруларын билдирдиАта-энесин бакпагандарды жазалоо мыйзамы парламентте колдоо таптыИИМ Нурлан Мотуевге эскертүү бердиИзраил Ливанда "Хезболлага" каршы чабуулу уланганын билдирди 1,2 гектар жер Кара-Жыгач паркына кайтарылды