Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

1,2 гектар жер Кара-Жыгач паркына кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Свердлов райондук прокуратурасы Кара жыгач багына караштуу 1,2 гектар жерди муниципалдык менчикке кайтарып берди. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн 1995-жылкы токтому менен Кара жыгач багын башкаруу жергиликтүү райондук бийликке өткөрүлүп берилген. Прокуратуранын иликтөөсү учурунда 2007-жылы Свердлов райондук администрациясы 1,2 гектар жерди 30га бөлүп, жеке адамдарга мыйзамсыз таратып жибергени аныкталган. Анын жыйынтыгында райондук көзөмөл органы райондук акимчиликти сотко берген. Сот чечими менен жалпы суммасы 126 млн сомдук жер тилкеси муниципалитеттин менчигине кайтарылды.

Бишкектеги Кара-Жыгач багын 1833-жылы багбан Алексей Фетисов негиздеген. Союз мезгилинде бактын аянты 226 гектар болгон. Учурда 123 гектары гана калган.

“Арча демилгеси” коомдук фонду изилдөө жүргүзүп, Бишкектеги жашыл аймак 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектарга кыскарганын аныкташкан. Алар миллиондон ашуун жашоочусу бар Бишкек шаарында ушул тапта болгону 250 миңдин тегерегиндеги гана бак-дарак бардыгын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG