Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Зеленский Украинанын "жеңиш планын" ЕБ жана НАТО лидерлерине сунуштайт


Украина.
Украина.

Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 17-октябрда Брюсселде Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине, коргоо министрлерине Орусияга каршы согуштагы «жеңиш планын» көрсөтүп, айтып берүү үчүн жөнөп жатып бул орус бийлигин тынчтыкка мажбурлоо каражаты болорун айтты.

«Европанын бардык лидерлери биздин позицияны кантип бекемдеш керек экенин угушат. Биз бул согушту адилеттүү түрдө токтотушубуз керек», - деп жазды ал Telegram каналына.

Батыштагы союздаштарды Украинаны НАТОго кабыл алууга ынандыруу, алдыдагы кыш мезгилинде согуш талаасындагыларга жана талкаланып келаткан шаар-кыштактагыларга аскердик жардамды күчөтүү аракетин көрүп жаткан Зеленскийдин айтымында, бул план согуштун жүрүшүн украин тараптын пайдасына бурат.

Киев «жеңиш планын» талкуулап жаткан чакта бүгүн 17-октябрда да өлкөнүн бир нече аймагы Орусиянын соккуларына кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, бейшембиге караган түнү өлкө аймагына 56 согуштук дрон жана канаттуу бир ракета учурулду.

Киев аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко борбор калаа учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын айтты. Николаев облусунун башчысы Виталий Ким орус аскерлери бул түштүк аймактын энергетикалык инфраструктурасын бутага алганын кабарлады.

Дрондор Сумы, Киев, Полтава, Чернигов, Житомир, Николаев, Черкасск, Одесса жана Тернополь облустарынын аймагынан атып түшүрүлдү.

Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин 17-октябрдагы маалыматына караганда, абадан коргонуу системалары үч аймакта украиндердин 13 дронун жок кылышты.

Зеленский беш пункттан турган «жеңиш планын» өлкө парламенти Жогорку Радага 16-октябрда айтып берген. Ал өнөктөштөрдү “алыска атуучу куралды Украинанын Орусия басып алган бардык аймактарында жана Орусиянын өзүндө, анын аскердик инфраструктурасында колдонууга каршы чектөөнү алып салууга” жана “запастагы бригадаларды жабдууга жардам берүүгө” чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG