Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Израил Ливанда "Хезболлага" каршы чабуулу уланганын билдирди


Ливан.
Ливан.

Ливандын түштүгүндө Израилдин соңку бомбалоосунан жалпысынан кеминде 22 кишинин өмүрү кыйылганын, дагы 52 киши жараат алганын бүгүн 17-октябрда AFP агенттиги билдирди.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун 16сы эки муниципалдык имаратка жасалган чабуулдан мерт кеткенин билдирди, ал эми алтоо башка соккулардан каза тапканын расмий кызматкерлер маалымдашты.

Шаршемби күнкү бомбалоодон кийин тутанган өрттүн курчоосунда калып каза тапкандар арасында Набатия шаарынын мэри жана бир нече муниципалдык кызматкер бар экени кабарланды.

Ливандын премьер-министри Нажиб Микати Израилди «муниципалдык кеңештин отуруму өтүп, шаар калкын тейлөө жана жардам берүү маселеси талкууланып жаткан учурда атайылап сокку урду» деп айыптады.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) шаршембиде аскердик учактары менен Набатияда ондогон жерди аткылаганын тастыктап, бутага «Хезболла» (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) тобунун турумдары алынганын билдирди.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ал тапта АКШ Йемендин аймагындагы Иран колдогон, Израилге согуштук дрондор менен чабуул коюп жаткан хуси козголоңчуларынын курал-жарак сактаган кампаларына абадан сокку урганын маалымдады.

Израилдин Ирандын Газадагы жана Ливандагы союздаш согушкер топторуна каршы согушунун айынан жайкын тургундар арасында өтө көп жоготуу болуп жатканы тууралуу эл аралык сынга карабастан Вашингтон Израилге колдоосу улана берерин айткан жана бул өлкөнү аймакта кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө чакырган.

17-октябрда, AFP агенттиги билдиргендей, Израил Сириянын Жер ортолук деңиздеги башкы порту Латакия шаарына сокку урду, бутага курал-жарак сакталган жай алынды. Израил бул боюнча азырынча комментарий бере элек, бирок «Хезболланы» Ливанга куралды коңшу өлкө Сирия аркылуу ташып келет деп айыптаган.

Шаршембиде Израилдин Аскердик-аба күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү Кана шаарында «Хезболланын» талаа командири Жалал Мустафа Харири аба соккусу менен өлтүрүлгөнүн кабарлаган жана аны «террорчу» деп атаган.

«Хезболла» Ливандын Израил менен чектеш тилкесинде жакындан атышуу болгонун, израилдиктердин бир танкы талкаланганын 17-октябрда билдирди.

Аймактагы абал бир жыл мурда Израил кабылган кандуу чабуулдан кийин согуш жарыялаганда оорлошо баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG