Шаардык сот Аскат Жетигенди абакка кескен өкүмдү күчүндө калтырды

Аскат Жетиген Бишкек шаардык сотунда. 19-сентябрь, 2024-жыл.

17-октябрда Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигендин кассациялык арызы боюнча чечим чыгарып, аны үч жылга абакка кескен Бишкектин Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Аскат Жетиген сотто ал “элди массалык башаламандыкка чакырбаганын” айтып актоону өтүнгөн.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Аскат Жетигендин иши боюнча 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен “күнөөлүү” деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (BTo/AiB)

Дагы караңыз

Байден Украинага коопсуздук үчүн 425 миллион доллар бөлүнөрүн жарыяладыОрус полициясынын колунда каза болгон активист катуу сабалганы аныкталдыИИМ: Сегиз айда жарандар 903 млн сомун шылуундарга алдырганФейсбуктагы посту үчүн кармалган дөңгөлөк желимдөөчүгө айып пул салындыФинчалгын кызматы бир коммерциялык банкка 440 миң сом айып салдыБеларуста мурдагы күч кызматкеринин соту өтүүдө