Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Беларуста мурдагы күч кызматкеринин соту өтүүдө


Андрей Паротников.
Андрей Паротников.

Беларуста мурдагы милиция кызматкери, кийин бийликтин иши тууралуу ачык сын айтып, блогерлик менен алектенген саясат талдоочу Андрей Паротниковдун соту башталды. «Азаттыктын» беларус кызматы жазгандай, 16-октябрда Минскиде алгачкы сот отуруму өттү.

«Весна» укук коргоо борборунун маалыматына караганда, соттук жараян жабык режимде өтүүдө. Эгер күнөөлүү деп табылса ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Ага Беларуста бийликти басып алуу максатында кутум уюштуруу, мамлекетке чыккынчылык, экстремисттик иштерге көмөктөшүү тууралуу айыптар тагылган.

Ички иштер министрлигинен кызматтан кеткенден кийин коопсуздук, аскер жана укук тартиби маселелери боюнча көз каранды эмес талдоо жүргүзүп, Belarus Security Blog борборун жетектеген, блог алып барган Паротниковду 2023-жылдын март айында Москвада жүргөн жеринен кармап кетип, Минскиге өткөрүп беришкен.

Жакындарынын айтымында, катаал шарттагы абакта анын ден соолугу кыйла начарлап кетти.

Паротников Беларуста демократиялык институттарга жана эркин ойлонгондорго каршы уланып жаткан шартта камакка алынган жүздөгөн блогер, журналист жана активисттин бири. (RK)

XS
SM
MD
LG