Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Финчалгын кызматы бир коммерциялык банкка 440 миң сом айып салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргызстанда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу” беренеси менен бир коммерциялык банкка 441 миң сом айып пул салды.

Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирип, бирок айыпка жыгылган кайсы банк экени тууралуу маалымат берген жок.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов “Азаттыкка” берген маегинде бир айда 80 млрд сомду жүгүрткөн банктын күмөндүү операцияларынын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлаган. Ал да банктын атын атаган эмес.

2022-жылы ишке кирген жаңы Салык кодексинин 146-беренесинде салык органдарынын ишкерлердин банктагы эсептери тууралуу маалыматты көрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Банктар жана бизнес-ассоциациялар бул норманын банктык купуялуулукка шек келтирерин билдирип, каршы чыгышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG