Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Орус полициясынын колунда каза болгон активист катуу сабалганы аныкталды


Окуя 2024-жылдын январында Баймак шаарында болгон.
Окуя 2024-жылдын январында Баймак шаарында болгон.

Орусияда нааразылык акциясы учурунда кармалып, полициянын колунда көз жумган активисттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн көз каранды эмес экспертизадагы соттук-медициналык далилдер менен “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисттери таанышып чыгышты.

Далилдер активист Рифат Даутов катуу сабалып, ички органдарынан кан кетип каза болгонун көрсөтүүдө. Көз каранды эмес эксперттер аны оор бир нерсе менен кеминде 48 жолу урушканын, денесинин 30 пайызы травма алганын аныктап чыгышкан.

Быйыл январь айында Орусиянын карамагындагы Башкырстан аймагында оппозиционер активист Фаил Алсыновдун кармалышына каршы акция өткөн. Полиция бул митингди күч менен баскан. Акция учурунда күч кызматкерлеринин колуна түшкөндөр арасында Уфа шаарынын тургуну, 37 жаштагы Даутов да болгон. Көп өтпөй ал полициянын машинасында үзүлгөн.

Даутов өзү протесттерге катышканы тууралуу айыптоону четке каккан.

Бийлик ал жүрөгү кармап каза болгон деген бүтүм чыгарган. Күч органдары активистти полициянын машинасынын ичинде суракка алышканы чын экенин, бирок эч кандай күч колдонуу болбогонун билдиришкен.

Быйыл июль айында Орусиянын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы полиция кызматкерлерине каршы иш козгоодон баш тартып, алар кылмыш кылбаганын маалымдаган.

Даутовдун адвокаты Павел Васильев тергөө уланып жатканын, ал акыйкат чечимдин кабыл алынышы үчүн күрөшүн жүргүзө берерин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG