Финчалгын кызматы бир коммерциялык банкка 440 миң сом айып салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргызстанда Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу” беренеси менен бир коммерциялык банкка 441 миң сом айып пул салды.

Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирип, бирок айыпка жыгылган кайсы банк экени тууралуу маалымат берген жок.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов “Азаттыкка” берген маегинде бир айда 80 млрд сомду жүгүрткөн банктын күмөндүү операцияларынын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлаган. Ал да банктын атын атаган эмес.

2022-жылы ишке кирген жаңы Салык кодексинин 146-беренесинде салык органдарынын ишкерлердин банктагы эсептери тууралуу маалыматты көрүү мүмкүнчүлүгү каралган. Банктар жана бизнес-ассоциациялар бул норманын банктык купуялуулукка шек келтирерин билдирип, каршы чыгышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Беларуста мурдагы күч кызматкеринин соту өтүүдөФейсбуктагы посту үчүн кармалган дөңгөлөк желимдөөчүгө айып пул салындыӨКМ Ысык-Көл облусунда жер титирегенин билдирдиЧаткалда кар көчкү басып калган алты адамды издөөгө 20 куткаруучу тартылдыКыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалар узун кезекте туратИИМ экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко тартууну сунуштадыГрузия шайлоо алдында жалган маалымат тарашы мүмкүн деп эскертти