Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

ӨКМ Ысык-Көл облусунда жер титирегенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип, 17-октябрда таңкы саат 04:23тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 5,1 магнитудасына жеткен жер титирөө болгонун билдирди.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2,5 баллга (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Быйыл Кытайдын аймагында 23-январга караган түнү күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG