Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

ИИМ экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко тартууну сунуштады


Ички иштер министрлигинин имараты.
Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко тартуу сунушун берди. Министрлик Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесин толуктап, мындай материалдарды сактагандарды үч жылга чейин абакка кесүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Ушул эле документте жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган экстремисттик материалдар боюнча да жоопкерчилик каралган. ИИМ жалпы Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштады.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2020-жылдан баштап 2024-жылдын сентябрь айына чейин экстремисттик кылмыштарга байланыштуу 1823 кылмыш иштери козголгон (2020-жылы 467, 2021-жылы 566, 2022-жылы 279, 2023-жылы 268, 2024-жылдын 9 айында 243). Алардын ичинен 1532и экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратууга байланыштуу экенин билдирди. Козголгон кылмыш иштери боюнча 11 892 экстремисттик материалдар алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) буга чейин Кыргызстанда экстремизмди жайылтуунун жазасын күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG