Чаткалда кар көчкү басып калган алты адамды издөөгө 20 куткаруучу тартылды

Издөө иштерине тартылгандар. Чаткал тоолору. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген сүрөт. 16 - октябрь, 2024-жыл

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда кар көчкүдө калган алты адамды издөө иштерине Өзгөчө кырдаал министрлигинен (ӨКМ) 20 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана Кытайдын бир жараны эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча кайра үйлөрүнө кайтып келген эмес.

Кийин издөө-куткаруу иштери башталып, 16-октябрда саат 14:00дө эки адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, дагы алты адам Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан аман-эсен табылган. Алар Ак-Сай ашуусунда кар көчкү жүрүп алты кишини басып калганын айтышкан.

Эндик сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген өсүмдүк. Айрым аймактарда анын тамырын казып, сатуу менен алектенген учурлар болгон.

Ушул күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин бузулуп, жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаап жатат. Чаткал өрөөнүнө кар түшкөнү кабарланган. ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. (BTo/TB)

Дагы караңыз

Фейсбуктагы посту үчүн кармалган дөңгөлөк желимдөөчүгө айып пул салындыЧаткалда эки күн мурда кар басып калганы айтылган алты адам изделип жатат Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалар узун кезекте туратИИМ экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко тартууну сунуштадыГрузия шайлоо алдында жалган маалымат тарашы мүмкүн деп эскертти16-октябрь: Орусиядагы мигранттар көйгөйү көтөрүлдү, Казакстан БРИКС уюмуна кошулууну көздөбөйт