Улуттар Уюму: Газада коопсуз жер дээрлик калган жок

Газа.

Израил Газадагы жана Ливандын чектеш тилкесиндеги чабуулдарын улантууда. Соңку суткада дагы ондогон кишилер каза болду. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Ливандагы бейкуттук күчтөрүн убактылуу чыгарып кетүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.

Газа секторунун Хан-Юнис шаарындагы “Насер” ооруканасы. Кепинделип, жерге берүүгө даярдалып, катар тизилген сөөктөр...

Анклавдын саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 15-октябрга караган түнү бул шаарда Израилдин соккусунан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылды, алардын 10у палестин качкындары жашаган бир үйдөн мерт кетти.

"Эч кандай эскертүү бербестен сокку урушту. Баарыбыз уктап жаткан элек. Мона аттуу сиңдим экөөбүз бир бөлмөдө, анын балдары башка бөлмөдө болчубуз. Балдардын эч кимисин аман таппай калдык", - дейт Газанын жакындарынан айрылган тургуну Зарифа абу Тамия.

Бир күн мурда ушул эле шаардагы ал-Маваси лагеринде Израилдин чабуулунан 15 киши жараат алган.

Дагы караңыз Газа: Качкындар лагери, оорукана ЦАХАЛдын чабуулуна кабылды

Израил аскерлери бул соккулары АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун согушкерлерине гана каршы жасалып жатканын айтып, жергиликтүү тургундарды коопсуз жактарга бара турууга үндөгөн.

Бирок жергиликтүү тургундар жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү Газада коопсуз жер дээрлик калбай калганын айтып жатышат.

Ал тапта Ливандын Израил менен чектеш тилкесинде да шейшемби күнү эртең менен чабуулдар уланды. Айрым жерлерде жарылуу болуп, түтүн каптады. Бир нече сокку түндө да урулган. Ливан өкмөтү 21 киши каза болгонун маалымдап, бул үчүн Израилди айыптады.

Израил азырынча комментарий бере элек, бирок премьер-министри Биньямин Нетаньяху Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Хезболла” жоочулар тобуна каршы соккулары улана берерин 14-октябрда билдирди.

"Мен тактап айткым келет: биз Ливандын бардык жерлеринде, анын ичинен Бейрутта да "Хезболлага" аёосуз сокку урууну улантабыз. Биз муну жакында эле далилдей алдык жана жакынкы күндөрдө дагы далилдейбиз", - деди Нетаньяху дүйшөмбүдө “Хезболланын” Израилдин аймагына жасаган дрон соккусунан төрт аскери каза болгон, 60тай кызматкери жараат алган аскердик базага барганда.

Бул Израилдин “Хезболла” менен тиреши башталган соңку бир ай ичиндеги эң көп кишисинен ажыраган окуя болду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израилдин Газадагы жана Ливандагы чабуулдары уланууда


"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Аймакта кырдаал оорлошкондон бери БУУнун Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн коопсуздугу боюнча маселе жаралды. Өлкөнүн түштүгүндө жайгаштырылган тынчтык орнотуучу аскерлерди “Хезболла” “тирүү калкан” катары колдонуп жатканын айткан Нетаньяху аларды азырынча чыгарып кетүүгө жекшемби күнү чакырган. Ушул эле чакырыгын ал дүйшөмбү күнү да кайталап, израилдик аскерлер аларга атайылап кол салып жатпаганын айтты.

Улуттар Уюмунун Ливандагы аскерлери арасынан бүгүнкү күнгө карата бешөө жараат алганын 15-октябрда уюмдун бейкуттук күчтөрүнүн башчысы Жан-Пьер Лакруа билдирди. Израилдин талабы боюнча суроого жооп берип, ал Ливандагы аскерлерди чыгаруу талабы четке кагылганын айтты:

"Бул бир катар элементтердин жана критерийлердин негизинде өтө кылдаттык менен ойлонулуп, кабыл алынган чечим болду. Албетте, тынчтык орнотуучу күчтөрдүн коопсуздугу жана аларды коргоо биринчи кезектеги артыкчылык. Бирок башка дагы бир катар элементтер бар. Алардын бири – бизге Коопсуздук Кеңеши берген мандат алдындагы жоопкерчилигибиз".

Жан-Пьер Лакруа Коопсуздук Кеңешинде Ливандагы аскерлерди калтыруу тууралуу чечим бир добуштан кабыл алынганын белгилеп, тараптарды эл аралык милдеттенмелерди сактоого чакырды.

Улуттар Уюмунун бул миссиясынын курамында азыркы тапта 9,5 миңдей киши бар.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айда күчөп, Ливандын борбору Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн.

Бир жыл мурдагы бир күндө 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш жүрүп жаткан бир жылдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 42 миңден ашты.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин 8-октябрда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.