Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:25

Газа: Качкындар лагери, оорукана ЦАХАЛдын чабуулуна кабылды


Cогуштун айынан улам жер которгон палестиндер, 12-октябрь, 2024-жыл
Cогуштун айынан улам жер которгон палестиндер, 12-октябрь, 2024-жыл

Израил Газадагы чабуулдарын улантып, ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Учкучсуз учактардын чабуулунан Израилдин өзүндө төрт аскери каза болду. Бул сокку үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Хезболла" жоочулар тобу алды.

Газа секторунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан Дейр-ал-Балах шаарындагы “ал-Акса” ооруканасынын аймагында палестин качкындары үчүн ачылган чатыр лагерь. Бул жерде 14-октябрдын таңында Израилдин авиа соккусунан кийин тутанган өрттөн кеминде төрт адамдын өмүрү кыйылганын, ондогон киши ооруканага түшкөнүн дарыгерлер билдиришти.

Өрт өчүрүүчүлөр барганча адамдар тилсиз жоо менен өз алдынча алышууга аракет кылышты, бирок майнап чыккан жок. Кеминде отуздай чатыр күйүп кеткени кабарланды.

Израил Газада чабуулун улантты, БУУнун бейпилдик күчтөрүнө эскертүү берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

Израил бул жерди АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу командалык борборго айландырып алганын, согушкерлер жайкын тургундар жайгашкан оорукана сыяктуу жарандык объектилерди өз максатында колдонуп келатканын, сокку ошолорго каршы урулганын билдирди. ХАМАС адатта израил армиясы - ЦАХАЛдын мындай айыптоолорун четке кагып келет.

Бир күн мурда Газанын борбордук бөлүгүндөгү дагы бир качкындар лагери Нусейратта мурдагы мектеп имараты танк менен аткыланып, 22 киши каза болгонун, алардын 15и аялдар жана балдар экенин, 80дей киши жараат алганын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

Ошол эле күнү Газа шаарынын батыш жагындагы Шати качкындар лагеринде Израилдин аба соккусунан кеминде беш баланын өмүрү кыйылганын, дрон менен ыргытылган ракета балдар ойноп жаткан жерге түшкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкан.

Израил сектордун борбордук бөлүгүнөн тышкары түндүгүндөгү чабуулдарын он күн мурда кайрадан күчөткөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Жойс Мсуйя «Газанын түндүгүндөгү азыр түзүлүп жаткан абал үрөй учурарлык, сөз менен айтып жеткире алгыс», - деп X социалдык түйүнүнө жазды.

Ал тапта 13-октябрда Израилдин аймагына урулган соңку соккудан кеминде төрт аскер кызматкеринин өмүрү кыйылды, дагы 61 киши жараат алды. Хайфа шаарынын түштүк жагында жайгашкан Биньямина-Гиват-Ада калктуу пунктундагы аскердик базага согуштук дрондор менен жасалган бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон “Хезболла” жоочулар тобу алды.

“Хезболла” тобунун билдирүүсүндө бул чабуул Израилдин Ливандагы операцияларына, тагыраак айтканда, борбор калаа Бейрутта кеминде 22 кишинин өмүрүн алган бейшембидеги кол салууга жооп экени, эгер ал токтобосо соккулар дагы уланары айтылды.

Израил аскерлери.
Израил аскерлери.

«Бул өтө оор көрүнүш болду. Дрондун соккусунан кийинки жарылуудан катуу жаракат алышты. Жабыркагандарды ооруканага жеткирип, алардын өмүрүн сактап калууга аракет көрүлүүдө», - деди израилдик медицина кызматкери Рафи Шева.

Хайфа шаарынын аймагында дүйшөмбү күнү да абадан коргонуу системалары иштеп, жергиликтүү тургундарга коопсуз жерлерге барууга эскертүү берилип жатты.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

БУУнун бейкуттук күчтөрү

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жекшемби күнү Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, Ливандын түштүгүндө жайгаштырылган тынчтык орнотуучу аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырган жана “Хезболла” аларды “тирүү калкан” катары колдонуп жатканын айткан.

Дүйшөмбү күнү Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Ливанда тынчтык орнотуучулар жабыркаган соккуну айыптады.

"27 мүчө өлкө Израилден Бириккен Улуттар Уюмунун Ливандагы убактылуу күчтөрүнө кол салуусун токтотууну өтүнүп жатышат. Бул миссиянын курамында көптөгөн европалыктар бар. Алардын иши абдан маанилүү. Бириккен Улуттар Уюмунун аскерлерине кол салуу таптакыр жол берилгис."

Соңку маалымат боюнча бир нече күндө Израилдин Ливанга жасаган соккуларынан кеминде беш тынчтык орнотуучу аскер кызматкери жараат алды. Улуттар Уюмунун бул миссиясынын курамында азыркы тапта 9,5 миңдей киши бар.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Андан бери топтун башка да лидерлери жок кылынып жатканы кабарланууда. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган. Мындай жагдай жалпы Жакынкы Чыгышта абал курчушу ыктымал деген кооптонууну жараткан.

Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны соңку эки аптада каза болгондор экенин 8-октябрда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирген.

Бир жыл мурдагы бир күндө 1197 кишиси өлтүрүлүп, дагы 251и барымтада калган кандуу кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш жүрүп жаткан бир жылдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 42 миңден ашты, 98 миңдей киши жараат алды. Согушту токтотуу боюнча АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG