Тагаев Маданият министрлиги фейк аккаунттарды аныктай албай турганын айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев министрлик Кыргызстанда социалдык тармактардагы фейк аккаунттарды аныктап, таба албай турганын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 15-октябрдагы жыйынында айтты.

“Фейк аккаунттарды табуу боюнча Маданият министрлигинде такыр мүмкүнчүлүк жок. Бул азыр дүйнөдөгү чоң маселелердин бири. Бирок айрым учурларда укук коргоо органдары, Санариптик өнүктүрүү министрлиги аккаунттардын IP дареги менен табууга мүмкүнчүлүк бар”, - деди ал.

Марат Тагаев фейк аккаунттар боюнча тармактык комитетте интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты. Жыйынтыгында долбоор биринчи окууда колдоо тапты.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар бул документ эркин маалымат каражаттарына каршы иштеген мыйзам экенин, сөз эркиндигине коркунуч жаратарын билдирип келет.

Бул документтин авторлору Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова.

“Фейктер жөнүндө” деген атка конгон мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келет. Айрымдар мыйзам азыркы мазмунунда фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын айтып келет.

Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.

Дагы караңыз

Украина: Журналисттик иликтөөдөн кийин теракт тууралуу каттар тарадыПакистандын Хайбер-Пахтунхва чөлкөмүндө төрт тартип коргоочу окко учтуТайчабаров Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси кызматынан алындыСалижан Жигитовдун эки китеби жарык көрдүЗеленский Пхеньян Орусияга курал, аскерлерди жөнөтүүдө деп билдирди Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан карга айланат2025-жылы бир катар министрликтердин бюджеттери көбөйөт