Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Украина: Журналисттик иликтөөдөн кийин теракт тууралуу каттар тарады


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматы - Радио Свободанын журналисттери орус атайын кызматтары украиндерди (анын ичинде балдарды) жалдап, украиналык аскерлердин машинелерин жардырып жатканын иликтеп чыккан.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматы - Радио Свободанын журналисттери орус атайын кызматтары украиндерди (анын ичинде балдарды) жалдап, украиналык аскерлердин машинелерин жардырып жатканын иликтеп чыккан.

Украинада дүйшөмбүдө жүздөгөн мектеп, ишкана, элчилик, маалымат каражаттары теракт коркунучу тууралуу электрондук кат алгандан кийин көптөгөн мамлекеттик мекемелерде иштегендер эвакуацияланды.

Бийлик окуу жайларды, мейманкана, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү, редакцияларды, анын ичинде “Азаттыктын” украин кызматы жайгашкан имаратты текшерип чыкты.

Украин Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, чет жактардагы 60 миссиянын кеңселерине да теракт коркунучу тууралуу эскертүү келген.

Өзүн “террордук уюмдун” өкүлү деп атаган киши кол койгон каттарда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин редакциясынын ("Схемы" долбоорунун) журналисттери Ирина Сисак менен Валерия Егошинанын, кабарчы Юлия Химериктин аттары аталган. Эскертүүнү жөнөткөндөр теракттарды даярдап жатканы үчүн күнөөнү ошол журналисттерге жүктөшүүдө.

Жакында сөз болгон журналисттер орусиялык атайын кызмат украиналык аскерлердин машиналарын өрттөө үчүн жергиликтүү кишилерди кантип жалдаганын иликтеген.

Украин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы мина тууралуу жалган маалымат тарап жатканын элди дүрбөлөңгө салуу үчүн психологиялык операциянын бир бөлүгү катары баалоо керектигин билдирди.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус корпорация коркутууларга моюн сунбасын, журналисттерди колдоорун билдирди.

XS
SM
MD
LG