Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Салижан Жигитовдун эки китеби жарык көрдү


Салижан Жигитов (1936-2006)
Салижан Жигитов (1936-2006)

Салижан Жигитовдун прозалык чыгармаларынан турган "Күн тууду" жана поэзиялык чыгармалары чогултулган "Шуулдаба терегим, теректерим..." деген эки китеби жарык көрдү.
Китептердин бет ачары 14-октябрда Бишкекте болуп өттү. Иш-чарага акын-жазуучулар, адабиятчылар жана Салижан Жигитовдун жакындары катышты.

Калемгердин "Күн тууду" аттуу повести 1977-жылы “Мектеп” басмасынан өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.

2001-жылы журналист, публицист Алым Токтомушевдин "Салижан Жигитовдун сабактары" аттуу китеби жарык көргөн.

Кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Кыргыз Республикасынын (ал кездеги Кыргыз АССРинин) Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Көлдүк айылында туулган.

Ал 1995–96-жылдары "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросун да жетектеген.

Салижан Жигитов 2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында оорунун айынан каза болгон. Маркумдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

XS
SM
MD
LG