Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Зеленский Пхеньян Орусияга курал, аскерлерди жөнөтүүдө деп билдирди


Орусиянын жана Түндүк Кореянын президенттери. Пхеньян, 19-июнь, 2024-жыл.
Орусиянын жана Түндүк Кореянын президенттери. Пхеньян, 19-июнь, 2024-жыл.

Президент Владимир Зеленский Түндүк Корея иш жүзүндө Орусиянын тарабында Украинага каршы согушуп жатат деп билдирди. 14-октябрдын кечиндеги видео кайрылуусунда Зеленский атайын кызматтардын жетекчилеринин докладдарында ушундай баа берилгенин белгиледи.

Жекшембиде украин мамлекет башчысы Пхеньян Орусияны курал-жарак менен эле камсыздабастан, аскерлерин да жөнөтүп жатышы мүмкүн деп айткан. Буга чейин мындай божомолун Түштүк Кореянын коргоо министри ортого салып, түндүк кореялык аскерлер арасында жоготуулар бар деген ыктымалдык жогору экенин билдирген.

Washington Post гезити расмий адамдарга шилтеме менен Пхеньян жөнөткөн баллистикалык ракеталарды башкарууга жардам берүү максатында Орусияга жана Украинанын убактылуу оккупацияланган облустарына түндүк кореялык адистер жиберилгенин жазган.

Бирок түндүк кореялык аскерлер украин аймагындагы согуштук аракеттерге катышып жатат дегендин далилдери азырынча жок.

Евробиримдик өткөн аптада андай маалыматы жок экенин билдирген. Москва жана Пхеньян бул кабарларды комментарийлеген эмес.

Батыш Түндүк Кореяны Орусияны ок-дары менен камсыздап жатат деп бир нече жолу айыптаган. Өткөн жумада The Times басылмасы чалгын кызматтарына таянып, Москва Украинага каршы согушта колдонгон артиллериялык дүрмөттөрдүн дээрлик жарымы Түндүк Кореядан келгенин жазган.

Быйыл июнда орус президенти Владимир Путин Пхеньяндагы сапары учурунда Түндүк Корея менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол койгон. 14-октябрдын кечинде документ Мамлекеттик Думага ратификацияга берилгени маалым болду.

Путин келишимдин жоболору Украинадагы согушка жайылбайт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG