“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары Аскат Абылаев 8-октябрда үй камагына чыкканы 14-октябрда белгилүү болду.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Райондук соттун маалыматына ылайык, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Аскат Абылаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сотко өтүнүч берип, судья шектүүнү 2-декабрга чейин үй камагына чыгарган.

Райондук сот буга чейин Абылаевди Бишкектеги №1 тергөө абагына 2-декабрга чейин камакка алуу токтомун чыгарган.

ИИМ бир тендерге аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында “Кыргызстандын улуттук электр тармагынын” кызмат адамдары “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамды бузуп, товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөй тендер өткөргөнү аныкталганын билдирген. Бир эле тендер боюнча бюджетке 25 млн сомдон ашык зыян келтирилгени такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

32 жаштагы Аскат Абылаев “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары болуп 2023-жылы сентябрь айында дайындалган. Ал козголгон кылмыш иши боюнча комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Медиа платформа журналисттердин соттолушун сөз эркиндигине кысым катары бааладыТогуз айда Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылдыИзраилде учкучсуз учактын чабуулунан 70ке жакын киши жараат алдыБишкекте кафеден чыккан өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылдыЖо Байден 18-октябрда Берлинге барары кабарландыИран өз жарандарын коргоодо "кызыл чек жоктугун" билдирди