Медиа платформа журналисттердин соттолушун сөз эркиндигине кысым катары баалады

Журналисттер Айке Бейшекеева, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Махабат Тажибек кызы. 10-октябрь, 2024-жыл. Коллаж.

Кыргызстандын медиа платформасы уюму журналисттер Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун абакка кесилиши жана Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын пробациялык жазага тартылышын көз карандысыз журналисттерге куугунтук деп баалады.

Уюм апелляциялык арыз берилгенден кийин Бишкек шаардык соту аларды акташы керектигин, бул иште адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүү Кыргызстан адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууга даяр экенин тастыктаган маанилүү кадам болорун белгиледи.

“Кылмыш жоопкерчилигине тартылып, адилетсиз соттолгон иликтөөчү журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгү мамлекетке коррупцияга каршы күрөшүүдө жардам берүүгө багытталган. Алардын көз карандысыз иликтөөлөрү кызматтык абалынан кыянаттык менен бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу жана мыйзамдарды бузуу фактыларын ачыкка чыгарууда. Журналисттер өз ишин аткаруу менен коомдук кызыкчылыктарды, жарандардын маалымат алуу укугун жана бийликтин ачык-айкындуулук менен отчёттуулук принциптерин коргоп келишкен”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз берерин билдирди.

“Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулган.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталды.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Кармалгандан тартып Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болчу. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева соттун чечиминен кийин бошотулду. Калган жетөө ага чейин эле ар кандай жагдайда эркиндикке чыккан.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo)

Дагы караңыз

Тогуз айда Кумтөрдөн 7 тонна 960 килограмм алтын казылдыИзраилде учкучсуз учактын чабуулунан 70ке жакын киши жараат алдыБишкекте кафеден чыккан өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылдыЖо Байден 18-октябрда Берлинге барары кабарландыИран өз жарандарын коргоодо "кызыл чек жоктугун" билдирди