Аба ырайы: тоолорго кар түшөт

10-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Облустун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы ыктымал.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүйдүн дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көлдө жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° чейин жылыйт.

Дагы караңыз

Украина Орусиянын соккусунан дагы үч жайкын тургуну каза болгонун билдирдиАнестезиолог балдар ооруканасынан ири өлчөмдө "Морфин", "Промедол" уурдоого шектелип жатат Германиянын Эрфурт шаарында "Кыргыз кызы" айкели коюлду Жогорку соттун төрагасы Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды