Келерки жылдын 1-январынан тартып орусиялык чек арачылар Армениянын Иран менен чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекетин күзөтүүнү токтотот. Бул тууралуу Москвада өткөн жолугушууда Орусиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян макулдашышты.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Армениядагы Чек ара башкармалыгына төрт чек ара отряды (Гүмри, Армавир, Арташат жана Мегри) карайт.
Мындан тышкары жолугушууда армян өкмөтүнүн башчысы Азербайжанды Армения аркылуу өтүп, Нахичеван автоном республикасы менен байланыштыра турган Зангезур транспорттук коридору боюнча долбоор тууралуу да маалымат берди. Долбоорго ылайык, жол Армения, Түркия, Азербайжан жана Иран аймагы аркылуу өтөт, ар бир өлкө өзүнүн аймагындагы тилкени өз алдынча, Орусиянын катышуусусуз көзөмөлдөйт.
Москва менен Ереван Армениядагы орусиялык чек арачылардын макамы тууралуу келишимге 1993-жылы кол коюшкан. Орусия Армениянын Түркия жана Иран менен чек арасын күзөтүү укугун алган. Орусиялык чек арачыларды камсыздоо милдети эки өлкөнүн өкмөттөрүнө жүктөлгөн.
Быйыл 31-июлда орусиялык чек арачылардын Еревандагы Звартноц аэропортундагы кызматы аягына чыккан.
2020-жылы ноябрда кабыл алынган үч тарапатуу келишимге ылайык, Азербайжан менен Армения ортосундагы 44 күндүк кармаштан кийин талаштуу Тоолуу Карабак аймагын азери өлкөсү өз карамагына кайтарып алган. Ал келишимде Зангезур коридорундагы каттамды ФСБ көзөмөлдөп турары жазылган.
Баку менен Ереван ортосунда тынчтык келишими түзүлө элек. Азербайжандын жетекчилиги документ 80% даяр болуп, макулдашылганын айткан. Бул маалыматты жакында Армения да тастыктаган. Пашинян келишимдин даяр пункттарына талаштуу пункттар жоюлушун күтпөстөн кол коюуга макул экенин билдирген.
Азербайжан тынчтык келишимине эгер Армения Конституциясындагы «Армениянын Тоолуу Карабак менен кайрадан биригүүсү» деген пунктту өзгөртсө гана кол коёрун айтууда. Мындай жазууну Баку Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч катары кабыл алууда.
Пашинян Азербайжандын Тоолуу Карабак курамына кирген аймактык бүтүндүгүн тааный турганын айткан.
Эл аралык укук боюнча Тоолуу Карабак Азербайжанга таандык, бирок 1990-жылдардын башынан бери Баку бул аймакты көзөмөлдөбөй келген. 2020-жылы ортодо кезектеги куралдуу кагылыш болуп, анын көпчүлүк аймагы, ал эми 2023-жылы толук бойдон азери өкмөтүнүн карамагына өткөн. Тоолуу Карабак республикасы деген жикчил аталыш жоюлган. Басмыдуу бөлүгүн армяндар түзгөн эл, болжол менен 120 миң чакыт адам, Азербайжандын куугунтугунан чочулап үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Азери бийлиги аларды кетпөөгө, жарандык алып, жашоосун уланта берүүгө чакырган. Эки өлкө ортосундагы жаңжалдарда адам өмүрү кыйылган.
Армян өкмөтүнүн башчысы Никол Пашинян Армения Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) каржылык төлөмдөргө катышпай турганын, бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтотконун жарыялаган жана өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү ыктымалдыгы тууралуу айткан. Ошондой эле ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган. (RK)
Дагы караңыз
Жогорку соттун төрагасы Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыПарламентте мектептердеги китеп тартыштыгы маселеси көтөрүлдү Армян активисттери Тоолуу Карабактагы адам укугу маселесин козгоштуГерманиянын Эрфурт шаарында "Кыргыз кызы" айкели коюлду