Карабаевдин кысымга кабылганы боюнча арызын прокуратура териштирип жатат

Жоомарт Карабаев. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 8-октябрь, 2024-жыл.

“Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, тергөө абагында отурган Жоомарт Карабаевдин басым-кысымга кабылганы тууралуу арызын Аскер прокуратурасы териштирип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалымат боюнча, Жоомарт Карабаев суракка алынып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Бирок психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындала элек.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 18-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан кат жазып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирген. Атайын кызмат бул арыз-даттануулар тууралуу комментарий бере элек.

УКМК Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Анын иши 8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштады. Жоомарт Карабаев сот залынан чыгып баратып, коюлган айыптарды четке какты:

“Мен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым”, - деди ал.

Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып турган. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес. (BTo)

Дагы караңыз

Сирия Израилдин авиа соккусунан кеминде жети адам каза тапканын кабарладыТөрөбаев Фрунзе заводу боюнча маселе президенттин көзөмөлүндө экенин айттыМэр Жунушалиев инвесторлор Бишкекке метро курууну сунуштаганын билдирдиУкраина Орусиянын соккусунан дагы үч жайкын тургуну каза болгонун билдирдиДепутат Алтынбеков Базар-Коргондо төрт мектеп иштебей турганын айттыСпикер Шакиев сессияда Нурдан Орунтаевди сынга алдыНетаньяху Насралланын ордуна дайындала турган киши да жок кылынганын айттыБишкек мэри жол кирени көтөрүү сунушу боюнча түшүндүрмө берди