Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:13

Төрөбаев Фрунзе заводу боюнча маселе президенттин көзөмөлүндө экенин айтты


Фрунзе атындагы заводдун бийиктиктен көрүнүшү.
Фрунзе атындагы заводдун бийиктиктен көрүнүшү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводдун жеке менчикке өтүп кеткен имараттарын мамлекетке кайтаруу аракети тууралуу президент Садыр Жапаровдун маалыматы бар экенин билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Элдар Абакировдун суроосуна жооп берип жатып маселе өкмөттүн көзөмөлүндө экенин айтты. Эл өкүлү завод убагында жеке жактарга өткөндөн кийин кайра колдон-колго өтүп сатылып кеткенин, айрым ишкерлер чыгымга учураганы турганын айтты.

“Фрунзе заводу боюнча арыздар түшүп, ал президентке чейин жетти. Президент завод боюнча жыйын өткөрөт. Ошонун негизинде иштерди кылабыз. Бул маселе президенттин көзөмөлүндө”, - деди Төрөбаев.

2024-жылы 16-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине кайрылып, мурдагы Фрунзе заводунун жеке менчикке өтүп кеткен 61,2 гектар жерин мамлекетке кайтарып алуу өтүнүчүн келтирген.

Атайын кызматтын катында 1995-жылы Фрунзе заводун жоюу чечими кабыл алынганы, Кыргызстан кайра түзүү жана жоюу боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими менен Михаил Парушкура ликвидатор болуп дайындалганы айтылат. Ошол жылдан тарта Парушкура, анын ишенимдүү өкүлдөрү Галина Кондаурова жана Ирина Миржалалова тарабынан 77 келишим түзүлүп, заводдун имараттары, жери жеке менчикке өткөн. Бирок кандай баада кеткени боюнча так маалымат жок.

Азыркы тапта заводдун аймагында 80ге жакын компания иш алып барууда. Алардын катарында “Баркад”, “Кирби”, “Бай элим”, “Русичи фарм”, “Элегия” сыяктуу ири ишканалар бар. Алар мэриянын доосунан чочулашып, бизнеске терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдиришкен.

Фрунзе заводу боюнча “Азаттык” кенен материал жасаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин бир нече жолу билдирүү жасаган. Ал 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.

Андан бери Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG