Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар

Иллюстрациялык сүрөт

“Азаттык” радиосунун Борбор Азиядагы беш кызматы “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген жаңы сынак жарыялайт.

Бул сынак жашоодо ар кандай кыйынчылыктарга, анын ичинде коомдогу түрдүү чектөөлөргө, эскичил көз караштарга, үйдөгү тоскоолдуктарга карабай ийгилик жараткан спортчуларды даңазалоону, алардын эмгегин элге таанытууну максат кылат.

Сынакка талыкпас эмгеги менен Олимпиадага жеткен, тагдырдын татаал сыноосуна карабай Паралимпиаданын чемпиону атыккан атлеттен тарта алыскы айыл-кыштактарда жаш жеткинчектерди спортко кызыктырып, аларга туура жол көрсөткөн карапайым машыктыруучуга чейин, коомго сиңип калган чектөөлөрдү жеңип чыгып, тарых жараткан спортчу инсандар, же жашына карабай мелдешке катышып, өлкө желегин желбиреткен ардагерлер да талапкер боло алат.

Сынак бир нече баскычтан турат:

1. Талапкерлерди көрсөтүү

“Азаттык” радиосу жергиликтүү спорт журналисттеринен жана окурмандардан турган калыстар тобунун жардамы менен Кыргызстандагы бул наамга татыктуу бир нече спортчунун талапкерлигин көрсөтөт.

Жыл аягына чейин алардын жетишкендиктерин, кандай тоскоолдуктарды жеңгенин чагылдырган журналисттик материалдар бир нече платформада жарыяланып, жалпы талкууга коюлат.

2. Өлкө ичинде добуш берүү

Жылдын соңунда “Азаттыктын” окурмандары жана жергиликтүү спорт журналисттери “Спорт: Кыйынчылыкты жеңген кыраандар” деген наамга татыктуу талапкерлерге добуш берет. (50% - окурмандардын добушу, 50% - жергиликтүү калыстар тобунун тандоосу.)

Анын жыйынтыгында Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ар биринен бирден жеңүүчү аныкталат. Жеңүүчүлөрдүн таржымалы жана алар менен маек-баяндар “Азаттыктын” Борбор Азия кызматтарында беш тилде жарыяланат.

3. Түз эфирдеги финалдык иш-чара

Беш жеңүүчү “Борбор Азиянын спорт каармандарын” даңазалаган финалдык иш-чарага чакырылат. Аларга “Азаттыктын” атайын статуэткасы тапшырылат.

Түз эфирдеги бул иш-чарага “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун жетекчилиги, Борбор Азиядагы спорт ишмерлери катышат.

Биз бул сынак борборазиялык атлеттердин жетишкендиктерин даңазалап гана тим болбостон эл ичиндеги эрктүү адамдарды тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө шыктандырат деп ишенебиз.

Сиз Кыргызстанда бул сынакка татыктуу каармандарды билсеңиз, анда алардын талапкерлигин сунуштаңыз. Ал үчүн комментарий калтырыңыз же webeditor@rferl.org дарегине кат жазыңыз. Добуш берүүнүн жол-жобосу тууралуу кошумча маалымат берилет.