Ноокатта 14 жаштагы баланын өлүмүнө шектелген өспүрүм камалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 14 жаштагы баланы бычак менен сайган деген айып менен кармалган 16 жаштагы өспүрүм 7-ноябрга чейин камакка алынды. Тиешелүү токтомду Ноокат райондук соту 8-октябрда чыгарганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя 6-октябрда болгон. Медреседе окуган 16 жаштагы өспүрүм 14 жаштагы баланы учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жаракат алган бала аймактык ооруканага жетпей каза тапкан.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталып, маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы каза болгон бала дем салдыруу үчүн медресеге үч күнгө келгенин, ал диний билим берүү жайында окубаганын билдирген.

Маркумдун жакындары “Азаттыкка” ал төрт айдан бери медреседе билим алып келгенин айтышып, бирок кененирээк комментарий берүүдөн баш тартышты. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Крымда Орусиянын мунай базасы өрттөнүүдөМилдеттүү камсыздандыруу: 2025-жылдан тарта айып пул салына баштайтИзраил "Хезболланын" дагы бир командирин жок кылганын жарыяладыКазакстанда 45 миң гектар талааны өрт каптап, киши өмүрү кыйылдыХаррис: Киев катышпаса, АКШ Путин менен сүйлөшүүгө барбайтБишкек мэриясы накталай жол кирени 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштадыОшто курулушта иштеген өспүрүм 13-кабаттан кулап каза болдуУкраина бир нече аймагында Орусиянын соккусунан адамдар жараат алганын билдирдиЖоомарт Карабаев биринчи соттук отурумда коюлган айыпты четке какты