Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Бишкек мэриясы накталай жол кирени 40 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады


Бишкек.
Бишкек.

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө жол кирени жогорулатуу сунушун берди.

Муниципалитеттин Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков “Азаттыкка” анын суммасын 40 сомго чейин көтөрүү каралып жатканын айтты. Мэрия бул элди электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу үчүн жасалып жатканын билдирди.

Шаар бийлиги коомдук транспортто жол кирени карта менен төлөө муниципалдык ишканаларга түшкөн каражаттын ачыктыгын камсыз кыларын кошумчалады.

Ушул тапта автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу быйыл январь айында көтөрүлгөн.

Бүгүнкү күнү шаарда каттамга күнүгө 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.

Борбор калаада жүргүнчүлөрдү мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине караштуу “Бишкек шаардык транспорт”, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” жана “Бишкек троллейбус башкармалыгы” ташыйт. (BTo)

XS
SM
MD
LG