Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Ошто курулушта иштеген өспүрүм 13-кабаттан кулап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 16 жаштагы өспүрүм өзү иштеп жаткан курулуштун 13-кабатынан кулап каза болду. Бул маалыматты Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Кырсык 5-октябрда болгон. Маалыматка караганда, Ош мамлекеттик университетинин коллежинде окуган студент курулушта келишим менен иштеп жаткан. Ал калдыктарды тазалап иштеген.

Милициянын айтымында, учурда тергөө иштери уланууда. Жашы жете элек баланын ал жумушка кантип барып калганы текшерилип жатат.

Маалымат каражаттары ARTWIN курулуш компаниясында каза болгон бала менен чогуу ушул курактагы үч бала иштеп жатканын жазышты. Алар өздөрүн 18 жашта деп тааныштырган.

Аталган компания окуя тууралуу комментарий бере элек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 10 жаштан 19 жашка чейин өспүрүм курак болуп эсептелет. Бул жаштагылар жумушка орношо албайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG