Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Жоомарт Карабаев биринчи соттук отурумда коюлган айыпты четке какты


Жоомарт Карабаев. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 8-октябрь, 2024-жыл.
Жоомарт Карабаев. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 8-октябрь, 2024-жыл.

8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин иши карала баштады. Соттук отурумда прокурор айыптоо актысын окуду. Ал шектүүгө жазуу түрүндө берилбегендиктен кийинки соттук жараян 14-октябрга жылдырылды. Жоомарт Карабаев сот залынан чыгып баратып, коюлган айыптарды четке какты.

“Мен бийликти басып алууга же массалык башаламандыкка чакырык жасаган эмесмин. Мен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым”, - деди ал.

Ал буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, абактан президент Садыр Жапаровго кайрылган.

УКМК кызматкерлери Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып турган. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес. (MKt/BTo)

XS
SM
MD
LG