Прокуратура “Тазалыктын” кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын эн белгиси.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасы ишканада текшерүү жүргүзүп “Тазалыктын” кызматкерлери 7 млн 179 миң сомдук 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз коротконун аныктаган.

Прокуратура алар 2022-2024-жылдары мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматчылары менен жеке автоунааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп алышып, майды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкенин кабарлады.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренелери менен иш козгоп, тергөө иштерин баштады.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардагы таштандыларды чыгаруу, тазалоо, борбор калаанын жолдорун ирээтке келтирүү менен алектенет. Бишкек мэриясы прокуратуранын маалыматы боюнча комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Муфтият ажылыкка каттоо аяктаганын билдирдиБеларуста саясий туткун Зенковичтин жаза мөөнөтү узартылдыЕвробиримдик Украинага, Молдовага жана Грузияга чечкиндүү колдоосун билдиретАзимбек Бекназаровдун туугандары бийликтен аны үй камагына чыгарууну сурады7-октябрь: Ноокатта медреседе өспүрүм каза болду, медицина боюнча Нобелди эки америкалык окумуштуу алатГрузияда президентке импичмент жарыялоо демилгеси кайрадан көтөрүлдү“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары кармалды