Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

7-октябрь: Ноокатта медреседе өспүрүм каза болду, медицина боюнча Нобелди эки америкалык окумуштуу алат


Медицина боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болгон америкалык окумуштуулар Виктор Эмброс жана Гэри Равкан
Медицина боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болгон америкалык окумуштуулар Виктор Эмброс жана Гэри Равкан

7-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Тергөө абагындагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун туугандары бийликтен аны үй камагына чыгарууну сурады

Алардын видео кайрылуусун Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Жакындары Азимбек Бекназаров эч жакка качпай турганын, алар кепилдик берерин айтышкан. УКМК Бекназаровду 12-сентябрда кармаган. Оппозициялык саясатчы “2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганы кабарланган. Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин “Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо” (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда) беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Уулу Руслан Бекназаров атасынын кармалышын саясий негизде деп сыпаттап жатат. Саясатчы сентябрь айында абактан президентке кат жазып, 2010-жылы Апрель окуясынан кийин 1 млн долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия, Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузуу аныкталбаганын кабарлаган.

Ноокатта медресеге дем салдыруу үчүн келген 14 жаштагы өспүрүм бычак жеп каза болду

Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе окуган 16 жаштагы өспүрүм 14 жаштагы баланы учтуу нерсе менен сайып жиберген. Жаракат алган бала аймактык ооруканага жетпей каза тапкан. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталып, маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы каза болгон бала дем салдыруу үчүн медресеге үч күнгө келгенин, ал диний билим берүү жайында окубаганын билдирди. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү. Шектүүнүн жана каза тапкан өспүрүмдүн жакындары окуя тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда 10 айылдын аталышын өзгөртүү сунушталууда

Коомдук талкууга коююлган мыйзам долбооруна ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагынын Карл Маркс айылын Биримдик, Эски-Оочу айылын Манас, Кулунду айыл аймагынын Коммунизм айылын Ак-Арык, Ленин айылын Исхак Раззаков, Сумбула айыл аймагынын Андарак айылын Ак-Таш, Кек-Таш айылын Көк-Таш, Искра айылын Сумбула деп өзгөртүү сунушталган. Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Осоавиахим айылын Молдо Кылыч, Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылын Бакайыр, Чүй районунун Садовое айылын Масымкан айылы деп кайра атоо үчүн мыйзам долбоору иштелип чыккан. Буга чейин да айыл, район аттары өзгөртүлгөн учурлар болгон. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги төрт айыл аймагы жана 13 айылдын атын өзгөртүүнү сунуштаган.

Израил ХАМАСтын кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө

ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кандуу кол салуусунун бир жылдыгын эскерүү иш-чаралары израилдик аскерлер Газа секторунда жана Ливандын түштүгүндө, борбор калаасы Бейрутта чабуулдарын улантып жаткан кезде өтүүдө. Бүгүн да Газа тараптан Израилдин ошол эле кыштактарына төрт снаряд атылганы, бирок эскерүү иш-чаралары үзгүлтүккө учурабаганы маалымдалды. Иерусалимде ХАМАСтын колунда барымтада кармалып тургандардын жакындары, жалпысынан 100дөй адам премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин алдына чогулуп, акция өткөрүштү. Айрымдар былтыр музыкалык фестиваль өтүп жатканда бир учурда 370тей адам өлтүрүлгөн жердин өзүндө чогулушту. Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандардын саны 42 миңге чамалады.

Украина Орусиянын авиабомба, дрон, ракета чабуулуна кабылганын билдирди

Херсон шаардык администрациясынын маалыматына караганда, саат эртең мененки 10дон кийин Херсонго абадан сокку урулду. Шаарга башкарылуучу авиабомбалардан төртөө түшкөнү, жарылуу толкунунан жарандык объектилер жана кеминде алты көп кабаттуу үй талкаланганы, сегиз киши жараат алганы, алардын экөө үч жана беш жашар наристелер экени маалымдалды. Өткөн түнү жана эртең менен абадан коргонуу системалары Киев аймагында Х-47М2 «Кинжал» аэробаллистикалык ракеталарынан экөөнү, Николаев, Киев, Днепропетров, Сумы, Чернигов, Полтава жана Харьков облустарында Shahed дрондорунан 32ни атып түшүрүшкөнүн, мындан тышкары Украинага каршы«Искандер-М» баллистикалык ракетасы да колдонулганын Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы кабарлады. Ал эми фронт тилкесинде Покровск жана Курахово багыттарында катуу кармаш жүрүп жатканы маалымдалууда.

Казакстанда АЭС курууга макул болгон шайлоочулар 71% түздү

Борбор Азия аймагында алгачкы атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселеси боюнча 6-октябрда өткөн референдумда добуш берген шайлоочулардын 71% «макул» деп жооп беришти. Добуш берүүгө катталган шайлоочулардын 63,66% катышканы кабарланды. Байкоочулар добуш берүү күнү айрым жерлердемыйзам бузуу катталганын айтышканын «Азаттыктын» казак кызматы жазды. Көпчүлүк АЭСти колдоп жатканы менен реакторду ким курары азырынча белгисиз. Казак өкмөтү жарыялаган тизмеден Орусиянын, Кытайдын, Франциянын жана Түштүк Кореянын компанияларын көрүүгө болот. Талдоочулар Казакстан алардын арасынан Орусиянын "Росатом" компаниясын тандап алат деп кооптонуп жатышат.

Нобелдин медицина сыйлыгы быйыл микроРНК ачкан эки америкалык окумуштууга ыйгарылды

Нобел комитетинин маалыматына караганда, бул сыйлык Виктор Эмброско жана Гэри Равканга "микроРНКны ачканы жана анын генди жөнгө салуудагы ролун изилдеп чыкканы үчүн» ыйгарылды. Молекулярдык биология боюнча көп изилдөө жүргүзгөн бул окумуштуулар ачкан микроРНК башка молекулалар менен катар көптөгөн ген активдүүлүгүн аныктоого жөндөмдүү жана ал организмдин өсүп-өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү деп белгиленди. Гарварддык Гэри Равкан 72 жашта, ал АКШнын Улуттук илимдер академиясынын, Медицина академиясынын жана Философия коомунун мүчөсү. 70 жаштагы Виктор Эмброс Вустердеги Массачусетс университетинин профессору, ал дагы АКШнын Улуттук илимдер академиясынын жана Искусство жана илим академиясынын мүчөсү. Сыйлыктын өлчөмү 11 миллион швед кронун (болжол менен 900 миң евро) түзөт. Былтыр Нобелдин медицина боюнча сыйлыгы венгриялык окумуштуу Каталин Карикого жана америкалык биохимик Дрю Вайсманга "COVID-19га каршы натыйжалуу мРНК-вакцинаны иштеп чыгууга жардам берген нуклеин кислотасынын негиздеринин модификациясы жаатындагы ачылыштары" үчүн тапшырылган.

XS
SM
MD
LG