“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары Аскат Абылаев Бишкектеги №1 тергөө абагына 2-декабрга чейин камакка алынды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 5-октябрда караганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү берген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу” беренеси менен айып тагылган.

ИИМ Аскат Абылаевге козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек. Шектүүнүн адвокаты же жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

32 жаштагы Аскат Абылаев “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун директорунун орун басары болуп 2023-жылы сентябрь айында дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Нобелдин медицина сыйлыгы быйыл микроРНК ачкан эки окумуштууга ыйгарылды Грузияда президентке импичмент жарыялоо демилгеси кайрадан көтөрүлдү“Санарип көчмөн” макамы 2 миңден ашуун чет элдик жаранга берилди Акылбек Жапаров уюлдук телефондорду каттоодо маселе бар экенин айттыУкраина Орусиянын авиабомба, дрон, ракета чабуулуна кабылганын билдирдиИзраил ХАМАСтын кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдөКыргызстанда 10 айылдын аталышын өзгөртүү сунушталууда