Босния жана Герцеговинадагы селден 18 адам өлдү

Ябланица шаарынын райондорунун бириндеги кырдаал, 5-октябрь 2024-жыл.

Босния жана Герцеговинанын Ябланица жана Кониц шаарларында жана ага жакын бир катар айыл-кыштактарда 4-октябрда жүргөн сел жана жер көчкүдөн өлгөндөрдүн саны 18 кишиге жетти.

Куткаруу иштери уланып жаткандыктан кырсык болгон аймактарда 6-октябрга белгиленген жергиликтүү шайлоолор башка күнгө жылдырылды.

Эки күн мурдагы сел жана жер көчкүдөн улам айрым айылдарда каттам үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бир катар коңшу мамлекеттер жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Босния жана Герцеговинага куткаруучуларын жөнөтүштү.

Жекшемби күнү өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. Ага 25 миңден ашуун талапкер катышууда. Шайлоонун жыйынтыгы менен 142 мэр тандалышы керек.

Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөдө 3,4 миллион шайлоочу добуш берүүгө укуктуу.

Дагы караңыз

Борбор Азиядагы алгачкы АЭСтин тагдырын чечкен референдумИзраилдин Ливан, Газадагы соккусу. Бейруттагы качкындар Москвада КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт Салык төлөбөгөндөрдү ачыктоого көмөктөшкөн жарандарды сыйлоо сунушталуудаОштон Москвага барган мигрант аэропортто катуу текшерүүлөр болгонун билдирди