Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

Израилдин Ливан, Газадагы соккусу. Бейруттагы качкындар

Жаңыланды

Бейруттун түштүгү. 6-октябрь, 2024-жыл.
Бейруттун түштүгү. 6-октябрь, 2024-жыл.

Израил армиясынын Ливандагы аба соккуларынан Жакынкы Чыгыштагы бул өлкө гуманитардык кризистин кырында турат. Соңку апталарда эле 1 миллиондой киши өз үй-жайын таштап, жер которууга мажбур болду. Бейрутта миңдеген киши ай талаада конуп-түнөп, күн өткөрүүдө.

Ливандагы соңку чабуулдар

Жекшембиге караган түнү Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын борбор калаасы Бейруттун түштүк райондоруна абадан сокку урду. Бейруттун Дахие аймагында түн бою жарылуулардын добушу угулуп турганын "Ассошиейтед Пресс" жаңылыктар агенттиги жазды.

Израил армиясы АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" тобунун Бейруттагы "курал-жарак сактаган кампаларына жана террордук инфраструктурасына сокку урулганын" билдирди. Ошондой ЦАХАЛ жайкын тургундарды коргоо үчүн кошумча чараларды көргөнүн, аларды бутага алынчу аймактардан чыгып кетүүгө чакырганын белгиледи.

Би-Би-Синин Ливандагы кабарчысы аба соккулары таңга чейин уланганын, бул Израил армиясы менен "Хезболланын" ортосунда соңку кармаш тутангандан бери Бейруттагы эң катуу түнкү чабуул болуп калганын билдирди.

  • “Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган, исламдын шийи багытын карманган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

ЦАХАЛдын маалыматына ылайык, 6-октябрга караган түнү "Хезболла" да Израилдин түндүгүн көздөй 30дай ракета учурган жана алардын басымдуу бөлүгү жайкын тургундар көчүрүлүп кеткен аймактарга түшкөн.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин бир күн мурдагы чабуулдарынан өлкө аймактарында жалпысынан 23 адамдын өмүрү кыйылганын, 90дон ашыгы жарадар болгонун билдирди.

Газа

"Ассошиейтед Пресс" агенттигинин маалыматына караганда, жекшембинин таңында Газа тилкесинин Дейр-ал-Балах шаарындагы мечитке сокку урулуп, андан кеминде 19 киши набыт болду. Аталган агенттиктин аймактагы журналисти бул чабуулдан кийин жергиликтүү оорукананын өлүкканасына жеткирилген сөөктөрдү санап чыккан. Агенттик Израилдин армиясы сокку урган мечитте тилкедеги согуштан улам жер которгон газалыктар баш калкалап турганын, мечиттин жанында шаардык оорукана жайгашканын жазды.

Израилдин армиясы АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп санаган ХАМАС радикал тобунун жайкын тургундардын арасында жашырынган жоочуларын жана буйрук берүүчү штабын бутага алганын маалымдады. Бирок муну ырастаган далилдерди көрсөтө элек.

"Ал-Акса шейиттери" аттуу жергиликтүү оорукана соңку соккулардан өлгөндөрдүн баары эркектер экенин, дагы бир киши жаракат алганын маалымдады.

Ал арада Израилдин армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жабалия шаарында жаңы аба чабуулдарын жана жердеги операциясын баштаганын жарыялады. ЦАХАЛдын маалыматына ылайык, Израилдин аскердик күчтөрү Жабалияны курчап турат жана согуштук учактар бул шаардагы жоочулардын позицияларына бир нече жолу сокку урду. Жабалия шаарында Газа тилкесиндеги эң чоң качкындар лагери жайгашкан.

Дем алыштагы ири жүрүштөр

ХАМАС радикал тобу Израилге кол салганынын жана Газада согуш башталганынын бир жылдыгына карата 5-6-октябрда дүйнөнүн бир катар шаарларында ири акциялар жана эскерүү иш-чаралары өттү.

Дем алыш күндөрү Австралиянын Сидней, Мельбурн шаарларында бир эле учурда палестиндерди жактаган жүрүштөр жана ХАМАСтын Израилдеги чабуулдарынын курмандыктарын эскерген иш-чаралар уюштурулду.

Испаниянын Бильбао шаарындагы палестиндерди жактаган акция.
Испаниянын Бильбао шаарындагы палестиндерди жактаган акция.

Ишемби күнү ушундай эле акциялар Европанын Лондон, Берлин, Париж, Рим сыяктуу ири шаарларында да өттү. Алардын бир бөлүгүндө палестиндерге тилектештик билдирген жана Газадагы согушту токтотууга чакырган ураандар жаңырса, айрымдарында Израилди колдогон, туткундарды бошотууга үндөгөн билдирүүлөр айтылып жатты.

Бул жүрүштөр жана Газадагы согуштун бир жылдыгы Жакынкы Чыгышта кырдаал чыңалып турган учурга туш келүүдө.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын айрымдары бошотулса, кээ бирлери каза болгон. Дагы ондогон адамдар ХАМАСтын барымтасында кала берүүдө.

Израил бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесиндеги аскердик операциясын баштаган. Андан бери Газадагы саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, тилкеде 41 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар экени кабарланып келет.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Аны улай Израилдин армиясы Ливандын түштүк аймактарында жердеги операцияларын баштаган. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган.

Бейрутка тынчтык издеп келген качкындар

Израил Ливандагы аба соккуларын жана аскердик операцияларын баштагандан бери 10 миңдеген киши баш калаа Бейрутка башкалка издеп келди.

Махмуд аялы, эки жашар уулу менен Бейруттун суу жээк тарабында, ачык асман алдында жука жамынчы менен уктайт.

“Бейрутту коопсуз деп келгенбиз, - дейт Махмуд. - Бирок биз бул жерде жээкте жатабыз, эч нерсебиз жок”.

Махмуд үй-бүлөсү менен Ливандын түштүгүндөгү Газия шаарынан качып келген. Израил армиясынын аба соккуларынан катуу талкаланган шаарда анын үйү дагы кыйраган. Киши толтура автобуска жубайын, уулун үч баштыгы менен салып, жолго чыккан. 20 сааттай жол азабын тартып, акыры Бейрутка жеткен.

Ливан бийлиги 23-сентябрда Израил армиясы абадан бомбалай баштаганда 1100дөн ашуун киши өлгөнүн билдирген. Өлкө калкынын бештен бири - 1,2 миллион киши үй-жайын таштап, мурда болуп көрбөгөндөй жер которууга мажбур болду.

Бейрутта мектептер, университеттер, мечиттер, алтургай футбол аянтчалары качып келгендер башкалкалай турчу жайга айланган. Ага карабай миңдеген кишинин барар жери жок, жээктерде, парктарда же машинелерде түнөөгө аргасыз.

Махмуд үй-бүлөсү менен Бейруттагы Эл-Манара пляжында төрт түнөдү. Аларга ошол жерде жашагандар тамак-аш алып келип берип жатты.

“Эмне кыларыбызды деле билбейбиз, – дейт Махмуд. – Башкалка берчү жердин баары толтура”.

Махмуд жакында дагы башка жакка жөнөйбүзбү деп чочулайт. Анткени 2.5 миллион жашаган Бейруттун үстүнөн израил армиясынын учактарынын бомбалоосу күчөдү. Шаардын айрым бөлүктөрү урандыга айланып калды.

“Коркуп турабыз, – дейт Махмуд. – Күн өткөн сайын бомбалоо улам жакындап келатат. Кайда барышты да билбейбиз”.

Бейруттун борборуна качып келип, көчөдө түнөгөндөр, 28-сентябрь, 2024-жыл
Бейруттун борборуна качып келип, көчөдө түнөгөндөр, 28-сентябрь, 2024-жыл

Гуманитардык кризистин толкуну

Ливан өкмөтү Бейрутту каптаган башкалка издегендердин маселесин чечүүнүн аргасын издөөдө. 500 мектеп убактылуу башкалкага айландырылса дагы көчөдө калгандар арбын. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 1 миллиондон ашуун кишиге тамак-аш-жеткирүү программасын баштады.

Эл аралык уюм Ливан гумантардык “кризистин кырында” турганын эскертип, өлкө боюнча убактылуу жер которгондорго тамак-аш, акча бөлүштүрүүдө.

1-октябрда Израил армиясы Ливандын түштүк тарабында жердеги аскердик операциясын баштады. Бул Жакынкы Чыгыштагы гуманитардык кризисти дагы тереңдетчүдөй.

Израил аскерлери менен “Хезболланын” 2006-жылкы биринчи согушунан кийин израил армиясы Ливандын түштүгүнө киргенде ондогон жамааттарга коопсуз жактарга кетүүнү эскерткен.

Бейруттун Хадат районундагы үйлөр израил армиясынын 28-сентябрдагы соккуларынан кийин урандыга айланды.
Бейруттун Хадат районундагы үйлөр израил армиясынын 28-сентябрдагы соккуларынан кийин урандыга айланды.

"Бейрутта хаос"

Жакынкы Чыгыштагы чоңдугу боюнча үчүнчү шаарды израил армиясынын согуштук учактары аткылай баштагандан бери Бейрутта дагы миңдеген киши үй-жайын таштап, жер которуп жүрөт.

Алардын арасында банктын кызматкери Мария да бар. Ал шаарда эки жолу жер которду.

"Өткөн жумада бизден эки көчө ары жерге авиасокку урулганда энем, сиңдим болуп батирден чыгып кеттик", - деди Бейруттун борборунда жашаган 27 жаштагы тургун. "Азыр шаардын башка тарабындагы туугандарыбыздын үйүндө турабыз. Баарыбыз коркунучтабыз".

Бейруттун борбордук көчөлөрүнүн биринде түнөгөндөр, 28-сентябрь, 2024-жыл
Бейруттун борбордук көчөлөрүнүн биринде түнөгөндөр, 28-сентябрь, 2024-жыл

Ливандын түштүк аймактары АКШ террористтик деп тапкан, Евробиримдик куралдуу канатын "кара тизмеге" киргизген "Хезболла" тобунун таянычы болуп саналат.

Бейруттун көп кабаттуу үйлөр салынган району израил армиясынын бомбалоосуна кабылган. Бейруттун түштүгү талкаланып, имараттар кыйрап, көчөлөрдүн таш-талканы чыкты.

Мария Бейрутта үй-жайын таштап качып чыккандар аргасыздан ээн калган имараттарга, мейманканаларга кирип, башкалкалка табуунун айласын издерин айтат.

"Биз батирдин жарыгын өчүрбөйбүз, анткени кимдир-бирөөлөр киргенге аракеттениши ыктымал, - дейт Мария. - Бейрутта хаос. Башаламан. Эл эмне кылышты билбей калды".

"Азыр башкача согуш"

Эки баланын энеси Манал Бейруттун борборундагы Бурж Абу Хайдардагы батиринен азырынча кете элек. Бирок ал өз үй, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аз калганын сезип турганын айтууда.

"Күндө кечинде не бар, не жок деп, керектүү нерсенин баарын чогултуп койгонбуз, - деди 40 жаштагы химик илимпоз. - Бомба жарылганы такай угулат. Бутуңдун алдында жер көчүп жаткандай сезилет".

Маналдын досторунун, туугандарынын айрымдары Бейруттун үстүндөгү тоого качып чыккан. "Бирок бомба аякка да жетип жатканын айтышты" дейт.

Манал Израил менен "Хезболланын" 2006-жылкы согушун да өз көзү менен көргөн. Анда ливандык куралдуу топ израил армиясынын эки жоокерин уурдап кеткенде уруш тутанган.

34 күндүк согушта израил армиясынын согушкер топту бутага алып, абадан урган жапырт чабуулдарында Ливанда 1100 киши набыт болгон.

"Мен андагы согушту да баштан өткөргөм. Бирок азыркы согуш башкача, - деди Манал. - Коопсуз деген жер жок. Бардык өлкө сокку адында калды".

Reuters агенттиги Израилдин коопсуздук кызматындагы булагына шилтеме берип, 5-октябрдын таңында Израилдин аскерлери Ливандын түндүгүндөгү Триполи шаарына биринчи жолу сокку урганын жазды. Агенттикке маалымат берген булак соккудан ХАМАС радикал тобунун мүчөсү жубайы жана эки баласы менен мүрт кеткенин айткан.

Al Jazeera соккудан ХАМАСтын аскердик канатынын лидерлеринин бири Саид Аталла өлтүрүлгөнүн, Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) анын Беддави качкындар лагериндеги үйүн бутага алганын билдирди.

Макаланын авторлору: Ясин Жабер, Фруд Бежан
Которгон: Гүлайым Ашакеева
XS
SM
MD
LG