Москвада КМШга мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт

КМШга мүчө мамлекеттердин туулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 7-8-октябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, 8-октябрда Орусияда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакасын кеңейтүүгө жана чыңдоого багытталган чечимдер кабыл алынат.

КМШ мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин мурдагы саммити былтыр 13-октябрда Бишкек шаарында өткөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Оштон Москвага барган мигрант аэропортто катуу текшерүүлөр болгонун билдирдиИзраилдин Ливан, Газадагы соккусу. Бейруттагы качкындар Газада мечитке урулган соккудан 19 киши мерт болгону кабарландыУкраина дем алыш күндөрү Орусиянын армиясы 5130 жолу аткылаганын билдирди Венгрияда миңдеген киши мамлекеттик пропагандага каршы митингге чыкты