Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:15

Венгрияда миңдеген киши мамлекеттик пропагандага каршы митингге чыкты


Будапешт. 5-октябрь, 2024-жыл.
Будапешт. 5-октябрь, 2024-жыл.

Ишемби күнү Венгриянын борбору Будапештте миңдеген киши мамлекеттик теле-радиого ээлик кылган MTVA компаниясынын алдына чыкты. Алар компанияны "пропаганда фабрикасы" деп атап, венгер маалымат каражаттарында сөз жана маалымат эркиндиги болушу керектигин талап кылды.

Акцияларды оппозициялык TISZA партиясы уюштурган. Партиянын лидери Петер Мадьярды саясат талдоочулар Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын негизги атаандаштарынын бири катары сыпатташат.

Демонстранттардын алдында сүйлөп жатып, Мадьяр: "Орой, жалган пропаганданы токтоткула. Биздин чыдамыбыз түгөндү", - деди.

Венгрияда сөз эркиндиги кысымга алынганын жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар бир нече жылдан бери айтып келет. Алар Орбандын башкаруучу партиясы өкмөт менен байланышы бар байлар аркылуу мамлекетке баш ийген медиаимперия түзгөнүн билдиришүүдө.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму өлкөдөгү маалымат каражаттарынын 80% Орбандын партиясы тарабынан көзөмөлгө алынарын жазган.

Виктор Орбан Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлеринин ичинен Кремлге эң жакын саясатчы катары сыпатталат. Венгрия Украинага аскердик-техникалык жардам бербейт.

XS
SM
MD
LG