УКМК Бишкекте милиция кызматкерлери пара менен кармалганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алуу фактысы боюнча кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы 3-октябрда тараткан маалыматка караганда, 100 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча аталган башкармалыктын экинчи шаардык милиция бөлүмүнүн эки кызматкери кармалды.

"Тергөөнүн жүрүшүндө бул кызматкерлер Ленин райондук милициясынын өндүрүшүндө турган кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен жарандан жогорудагы акча каражатын алганы аныкталган", - деп жазылган маалыматта.

Кармалган кызматкерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакындары менен адвокаттары окуя тууралуу комментарий бере элек.

Атайын кызмат укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу багытында иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

17-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору пара алууга шек саналып кармалганын билдирген. 19-сентябрда атайын кызмат "Учкун" басмаканасынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлорунун коррупциялык схемасы аныкталганын маалымдаган.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде милиция мыйзам бузган кызматкерлерден тазаланып жатканын айткан. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда сөөк чучугун алмаштырууга даярдык башталдыКыргызстанда Азык-түлүк коопсуздугу боюнча илимий борбор түзүлдүГрузияда ЛГБТ өкүлдөрүн чектеген мыйзамга кол коюлдуЛиван Израилдин соңку соккуларынан ондогон киши каза болгонун кабарладыБалыкчыда жети жашар бала бычак жеп ооруканага түштү