Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Ливан Израилдин соңку соккуларынан ондогон киши каза болгонун кабарлады


Ливан.
Ливан.

Ливанда Израилдин 3-октябрга караган түнкү чабуулдарынан каза болгондордун арасынан жети киши медицина кызматкери жана куткаруучу экенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып Associated Press маалымат агенттиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, авиа сокку Башур деп аталган калктуу райондогу көп кабаттуу имараттардын бириндеги батирге урулду.

Ошол эле райондо Ливандын парламенти жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аймактык кеңсеси жайгашкан.

Ливан кечээтен бери Израил аскерлеринин соккуларынан кеминде 46 киши каза тапканын, дагы 85 киши жараат алганын маалымдады.

Израил 3-октябрдагы маалыматында бул өлкөнүн түштүк райондорун көзөмөлдөгөн, Иран колдогон "Хезболла" жоочулар тобунун Израилге каршы операцияларды уюштуруп жүргөн согушкерлерин абадан бутага алганын, алардын кемине 15ин жок кылганын билдирди.

Ливандык басылмалар "Хезболлага" таандык медициналык борбор аткыланганын жазып жатышат.

Бейрут шаарынын аты-жөнүн атагысы келбеген тургундарынын бири бутага алынган жай медициналык борбор болгонун айтты:

"Медициналык тез жардам көрсөтүүчү борбор. Ал жерде калктын бардык катмарларынын өкүлдөрү тейленчү. Сокку түз урулуптур".

«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ал тапта айрым өлкөлөр Ливандан чыгып кетүүнү каалаган жарандары үчүн авиа каттамдарды көбөйтүүдө. Улуу Британия Ливандагы жарандарына зарыл болгон жардам берилерин, кошумча аба каттамдары коопсуздук маселеси чечилмейинче уюштурулуп турарын билдирди. Жапония 3-октябрда Ливанга эки учагын жөнөттү. Австралия да каалоочулар үчүн атайын учактарда 1700 орун даяр экенин маалымдады.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат.

Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган.

Ливан өкмөтүнүн расмий маалыматына караганда, бир жылдан берки атышуулардан бул өлкөдө 1900дөй адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү соңку апталарда каза болгондор. (RK)

XS
SM
MD
LG