Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Грузияда ЛГБТ өкүлдөрүн чектеген мыйзамга кол коюлду


Шалва Папуашвили.
Шалва Папуашвили.

Грузияда парламент төрагасы Шалва Папуашвили ЛГБТга каршы мыйзамга кол койгонун 3-октябрда «Эхо Кавказа» жазды. Мыйзам долбоорун парламент 17-сентябрда кабыл алган.

Өз сөзүндө Папуашвили ЛГБТ укуктарын чектеген мыйзамдардын баарынын максаты «адам үчүн эң баалуу болгон үй-бүлө менен балдарды коргоо» аракети экенин айтты.

"Бул мыйзам утурумдук, убактылуу, улам өзгөрүп туруучу идеяларга жана идеологияга эмес, акыл калчап ойлонулган, тарыхый тажрыйбага жана кылымдардан бери келе жаткан христиан, грузин, европалык баалуулуктарга негизделген", – деди төрага.

Бийликтин сынчылары грузин өкмөтүнүн бул демилгесин шайлоо алдындагы күрөшүндө колдонуп жаткан сөз жана тынч жыйындар эркиндигин чектөө аракетинин бир бөлүгү деп атап жатышат.

Кезектеги парламенттик шайлоо Грузияда 26-октябрда өтөт. Сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, бийликтеги "Грузин кыялы" алдыда келе жатат.

Президент Саломе Зурабишвили бул мыйзам долбооруна кол коюудан баш тартканын 2-октябрда "Эхо Кавказа" кабарлап, мамлекет башчы аталган долбоорго вето да койбогонун жазган.

Грузиянын Конституциясына ылайык, эгер президент кайсы бир укуктук ченем актысын жактырбай, ошол эле учурда өз жүйөлөрүн келтирүү менен парламентке кайтарбай койсо, анда ага кол коюу укугу мыйзам чыгаруу органынын жетекчисине берилет. Парламент төрагасы, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Шалва Папуашвили аталган документке беш күн аралыгында кол коё турганы кабарланган.

"Эхо Кавказа" белгилегендей, президент вето койгон күндө да аны парламентте басымдуулук кылган «Грузин кыялы» ашып өтмөк. Орусиядан көчүрүлүп алынды делген «Чет элдик агент» мыйзамын кабыл алууда дал ошондой болгон.

Грузия парламенти өткөн айда ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын чектеген, алардын түрдүү иш-чараларды уюштуруусуна тыюу сала турган мыйзам долбоорун кабыл алган. Батыш мындай чектөөлөрдү адам укугунун бузулушу, анын жеке жашоосуна кийлигишүү катары баалоодо.

Ага ылайык, ЛГБТ өкүлдөрүнө трансгендердик операция жасатууга, бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө катары бала асыроосуна, расмий документтерге эркек же аял дегенден башка жынысты көрсөтүүгө, мектептерде жана жалпыга маалымдоо каражаттарында ЛГБТ+ тууралуу үгүттөөгө, фестиваль жана башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.(RK)

XS
SM
MD
LG