Жогорку Кеңештин сайтында “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-октябрда коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Кылмыш-жаза кодексиндеги мунапыс мыйзамы колдонулбаган кылмыштын түрлөрүнө кээ бир оор кылмыштар кирбей калганын белгилешүүдө.
Алар: 253-берене - Террористтик ишти каржылоо;
255-берене - Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар;
263-берене - Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо;
267-берене - Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;
325-берене - Диверсия.
Авторлор бул беренелерди мунапыс берүү жөнүндө мыйзам колдонулбаган кылмыштын түрлөрүнө киргизүү Конституцияга жана башка мыйзамдарга каршы келбей турганын, ошондой эле документти кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбай турганын билдиришүүдө.
“Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамга ылайык, кылмыш жасаган адамдар мунапыс берүү жөнүндө актысы боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар жазадан бошотулушу же аларга дайындалган жаза кыскартылышы же жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырылат. Же болбосо мындай адамдар жазанын кошумча түрүнөн бошотулат. (ZKo)
Дагы караңыз
Израил Газада ХАМАСтын лидерлеринин бирин жок кылганын ырастадыХорватия НАТОнун Украина боюнча программасына катышпайтУкраина Орусиянын дрон чабуулуна 15 облусу кабылганын билдирди11 журналист боюнча сот өкүмү 10-октябрда чыгат