Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Украина Орусиянын дрон чабуулуна 15 облусу кабылганын билдирди


Украина.
Украина.

3-октябрда эртең менен Украинанын борбору Киевде абадан коргонуу системалары Орусия учурган кеминде 15 жанкечти дронду атып түшүрүштү. Бул тууралуу украин борбор калаасынын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко Telegram каналына жазды.

Чабуул беш сааттан ашык убакыт уланганы, учкучсуз учактардын сыныгы Деснянский районунун аймагына түшкөнү маалымдалды. Кыйроо же жабыркоо тууралуу эч нерсе айтылган жок.

Орусиянын агрессиясынан кечээтен бери Украинанын фронт тилкесине жакын үч аймагында дагы эки жайкын тургун каза болгонун, 36 киши жараат алганын 3-октябрда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Каза тапкан эки жана жараат алган сегиз киши Херсон облусунун тургундары экенин, бул аймактын 24 калктуу пункту аткыланганын жергиликтүү администрация башчысы Александр Прокудин маалымдады.

Донецк облусунда 11, Харьковдо 17 киши жараат алды. Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовдун айтымында, Орусия бул жолу башкарылуучу авиабомбалар менен да сокку урду.

Ал эми өткөн түнү учурулган жүздөн ашуун учкучсуз Shahed учактарынын 78и Киев, Черкасск, Винница, Хмельницк, Кировоград, Житомир, Полтава, Чернигов, Херсон, Одесса, Харьков, Сумы, Днепропетров, Ровно жана Ивано-Франковск облустарынын аймагында кармалды.

Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан. Ошондон бери агрессиясын улантып, Украинанын чыгышында жай болсо да улам алдыга жылып баратканы маалымдалууда. Жакында Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн учурда украин президенти Владимир Зеленский орус бийлигин тынчтыкка “мажбурлап гана көндүрсө” болорун айткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Воронеж, Курск жана Брянск облустарынын аймагында 113 согуштук дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдап, Украинаны айыптады. Учкучсуз учактардын эң көбү — 73ү — Белгород облусунда кармалды.(RK)

XS
SM
MD
LG