Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Израил Газада ХАМАСтын лидерлеринин бирин жок кылганын ырастады


Газа.
Газа.

Израил үч ай мурда Газа секторунда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун лидерлеринин бири жок кылынганын бүгүн 3-октябрда ырастады. Бул тууралуу Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына таянып АР агенттиги кабарлады.

Газанын түндүк тилкесиндеги операцияларынын биринде жер алдындагы комплекске сокку урулганы, бул чабуулдун натыйжасында Рави Муштаха жана ХАМАСтын дагы эки командири Самех Сираж менен Самех Удех өлтүрүлгөнү маалымдалды. ЦАХАЛ алар жер алдындагы жайды ХАМАСтын Израилге каршы соккулары үчүн башкаруу жана көзөмөлдөө максатында пайдаланып келишкен деп эсептейт.

Рави Муштах, Израилдин маалыматына караганда, Газадагы азыркы согушка түрткү болгон былтыркы октябрдагы кандуу кол салууну уюштурууга жардам берген ХАМАСтын жаңы лидери Яхья Синвардын жакын санаалашы болгон.

ХАМАС террордук тобунун саясий лидери Исмаил Хания быйыл 30-июлда Тегеранга Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына барганда жок кылынган. 6-августта ХАМАС Ханиянын ордуна Яхья Синварды дайындаган, ал азыр Газада жашынып жүргөнү кабарланууда.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты.

Рави Муштаха жок кылынганы тууралуу бейрасмий маалыматтар август айынын башында жарыялана баштаган, бирок расмий тастыктала элек болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG