Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Хорватия НАТОнун Украина боюнча программасына катышпайт


Зоран Миланович.
Зоран Миланович.

Хорватия НАТОнун Украинаны колдоо боюнча миссиясына өз аскерлерин катыштырбайт. Бул тууралуу өлкө президенти Зоран Миланович билдирди. Мындай чечимин ал өз өлкөсүн жаңжалга аралаштырбоо, коопсуздугун камсыздоо аракети менен түшүндүрдү.

"Хорватия Украинадагы согушка эч кандай таасир тийгизе албайт жана токтото албайт. Бирок ойлонулган жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик саясат менен согуштун Хорватиянын аймагына жайылып кетишине жол бербей, өз жарандарынын тынчтыгын жана коопсуздугун камсыздай алат. Ошондуктан мен Хорватия армиясынын Украинаны колдоо миссиясына катышуусуна макулдук берүүдөн баш тарттым", – деди Миланович.

Украинага союздаштары жана өнөктөштөрү жөнөтүп жаткан аскердик техника боюнча иштерди координациялоо, аскерлерди окутуу боюнча программаны НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башчылары быйыл июль айында макулдашышкан. Миланович ага катышууга алгач макул болгон, бирок 1-октябрда баш тартканы расмий кабарланды.

Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович президент Милановичтин чечимин өлкөнүн эл аралык кадыр-баркына шек келтирген «манипуляция» деп атады жана жакында Украина боюнча кезектеги эл аралык форум өтөрүн маалымдады.

Хорватия НАТОго 2009-жылдан бери мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG