Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт

Бишкек.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 4-октябрга караган түнү Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Дагы караңыз

Хорватия НАТОнун Украина боюнча программасына катышпайтПрезидент Жапаровдун карындашына байланышы бар Сабырбековдордун абактагы мөөнөтү узартылды11 журналист боюнча сот өкүмү 10-октябрда чыгатКыргызстанда сөөк чучугун алмаштырууга даярдык башталды