Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Президент Жапаровдун карындашына байланышы бар Сабырбековдордун абактагы мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи май райондук соту 1-октябрдагы чечими менен президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 3-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу райондук соттун кеңсе кызматы маалымдады.

Ушул эле күнү анын агасы Тариэл Сабырбековдун да абактагы мөөнөтү узартылган.

Сабырбековдорго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлуп жатат.

Афтандил Сабырбековдун баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирди.

Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагында биринчи орунду жеңип алган.

Афтандил Сабырбековдун жакындары менен адвокаттары акыркы окуялар боюнча комментарий бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG