Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

3-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Дагы караңыз

"Уулдун ордун жоктотпосом дейм". Жалданма жумуш менен жан баккандар "Ойноп жаткан балам ооруп калды". Рак тооруган балалыкСегиз айда өрттөн 35 адам каза болдуБалдарга берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү каралууда